ИШТЕГЕН ЖЫЛДАРЫ – социалдык жактан камсыз кылуу укугунда эмгек жылдарынын бир түрү. Колдонулуудагы мыйзам боюнча И. ж. үчүн бааракы белгилене турган, ошондой эле эмгек акысына аргандай кошумча үстөктөр менен эмгек мамилелериндеги башка ар түрдүү жеңилдиктер бериле турган кесиптик ишмердүүлүктү аткаруунун узак мөөнөтүн билдирет.
ИШТЕГЕН ЖЫЛДАРЫ ҮЧҮН БААРАКЫ – жер астындагы ж. б. бөтөнчө зыяндуу жана эмгектин оор шартына, ошондой эле дагы башка кесиптик иш-аракеттерине байланыштуу И. ж. ү. б. белгиленет. Ал жаш курагына жана эмгекке жарамдуулук абалына карабастан, белгилүү бир атайын өтөгөн иш жылдары үчүн гана дайындалат.